Nothing found
Thank you! Your submission has been received!
Oops! Something went wrong while submitting the form.

Жыныстык жол менен жугуучу ооруга (ЖЖБИ ) кабылгандыгым тууралуу билдим. Өнөктөш(төр)үмө бул жөнүндө кантип айтам?

ЖЖБИ оорулуу экендигин билүү эмоционалдык абалга терс таасир этиши мүмкүн. Мындай маалда адам өзүнө физикалык да, эмоционалдык жактан да дыккат болуусу кажет. Өзүнүн эмоционалдык абалын жакшыртуунун бир жолу - чындап түшүнгөн жана колдой алган жакын адам менен сүйлөшүү. Жашоодо көйгөйлүү абал менен бөлүшө алган ишенимдүү адамыңыз бар болсо, дарылануу жолдорун издөө учурунда өзүнүңүздү жалгыз сезбейсиз.

Ооруулу экендигиңизди билгенден кийин өзүңүздүн ден-соолугуңузга кам көрүү менен бирге, мурунку өнөктөштөрүңүзгө дагы алардын ЖЖБИ ге дуушар болгондуу ыктымалдыгы бар экендигин кабардасаңыз туура болот. Мурунку өнөктөштөрүңүзгө өзүңүздүн ооруңуз тууралуу айтууңуз менен, алардын убагында текшерилүүгө/дарыланууга баштоосуна жана ден-соолукта калуусуна жардам бере аласыз.

Өнөктөштөрүңүзгө жугуштуу ооруга дуушар болуп болбогондугун текшертүүсү же дарылануусу керектигин айтуунун бир нече жолу бар. Мурунку жыныстык өнөктөштөрүңүз менен телефон чалуу же SMS-кат жөнөтүү аркылуу түз байланыш курсаңыз болот, же болбосо алар менен бетме-бет жолугуп айтсаңыз болот.

Кээ бир себептерден улам партеруңузга оорулуу экениңизди билдирүүдөн уялып, тартынышыңыз мүмкүн, айрым учурларда бул жадагалса кооптуу да болушу мүмкүн. Андай абалдарда жергиликтүү саламаттык сактоо бөлүмүнө же Дени Сак Онлайн Жамааттар (Building Healthy Online Communities) сайтына өнөктөшүңүзгө кабар берүү кызматы үчун кайрылсаңыз болот. Кандай болбосун, өнөктөшүңүздү кандайча кабардар кылуу тууралуу өзүңуз гана чечим чыгара аласыз.

Recently viewed articles

Related articles