Nothing found
Thank you! Your submission has been received!
Oops! Something went wrong while submitting the form.

ВИЧ тестин үйүмдөн өтсөм болобу?

Эгерде сиз жыныстык активдүү болсоңуз, кезектеги текшерүүну калтырбастан өтүп туруу ден-соолугуңуздун статусун так билип туруунун бир гана жолу болуп саналат. Бирок ар дайым эле ооруканага текшерилип туруу ыңгайлуу боло бербейт же ВИЧ тестинен өтүү сиз үчүн кандайдыр бир кооптуулукту же жеке жашооңуздун чектерин бузуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Кээ бир аймактарда адам ВИЧ тестин өз үйүнөн эле жазоого алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өзүнө-өзү тест жасоо ооруканада жасалган тестке караганда анчалык так болбой калышы мүмкүн болсо да, эч кылбаганга караганда жок дегенде үйдөн текшерилген алда канча жакшы болот, бул, эгер жугузуу болгон болсо, убагында дарыланып баштаганга шарт түзөт. Кандайдыр бир себептерден улам бир саламаттыкты сактоо камсыздоо кызматкери тарабынан СПИД тесттен өтүүңуз мүмкүн эмес болуп жатса, анда аны үйдө өз алдынча кылганыңыз туура болот.

Көбүнчө ВИЧ тесттери илдеттин бар-жогун так аныктоо үчүн 23 жана 90 күнгө чейинки убакытты алат. Ушул убакыт ичинде, адам оорулуу болсо да тест жыйынтыктары терс көрсөткүчтөрдү берүүсү ыктымал. Андыктан сиздин ВИЧ статусуңузду туура аныктоо үчүн бул терезе мезгилге чейинки жана андан кийинки убакта тест жасоо маанилүү. Тест пакеттинде камтылган материалдар ВИЧ антителолорунун байкоого боло турган мөөнөтөрдүн көрсөтүп турган көрсөтмөлөрдү камтыйт. Эгерде сиз акыркы 72 сааттын ичинде СПИДке дуушар болгон болсоңуз, дароо постконтакттык алдын алуу тууралуу саламаттык сактоо камсыздоочуңузга кайрылууңуз керек.

Үй шарттарында СПИД ди текшерүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, атайын кебезге шилекей үлгүсүн чогултуп, үйдө дароо текшерүү жыйынтыгын көрө алса болот. Экинчи жолу болсо, үйдө кан үлгүсун алып текшерүү үчүн лабораторияга өткөрүп берсе болот. Дени Сак Онлайн Жамааттар (Building Healthy Online Communities) сайтында бул түр тесттер тууралуу конкреттүү маалымат ала аласыз.

Сиздин тестиңиздин натыйжалары ВИЧ-позитивдүү экениңизди көрсөтсө, үй тестирлөөнүн жыйынтыктарын тастыктай турган ден соолукту сактоо борборуна тагыраак тест жасоосу үчүн кайрылсаңыз болот. Кээде тест жалган ВИЧ-позитив натыйжасын берген учурлар болот, ошондуктан анын дарыгер тарабынан дагы тастыкталышы тагыраак жыйынтыктарды берет. Дарыгер ВИЧ-позитив натыйжасын тастыктаган болсо, медициналык камсыздоочу сизге дарыланууга жардам берет жана башка колдоо кызматтары менен байланыш түзүүгө шарт түзүп берет. Эгерде тестирлөө жыйынтыгында оорунун жукпаандыгы аныкталса, анда баары бир ВИЧ тесттерин убагында өтүп турууну уланта бериңиз. Ошондой эле илдетти алдын алууга жардам берген PrEP күнүмдүк таблеткаларын ичүүнү баштоо тууралуу саламаттыкты сактоо кызматкери менен кеңешсеңиз болот.

Азыркы учурда үй шарттарында ВИЧ тестинен өтүү АКШ жана Европа өлкөлөрүндө оңой. Үй шарттарында ВИЧ тестин жасоонун кандай түрлөрү сиздин өлкөңүздө жеткиликтүү болгондугун билүү үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз. Эгер үй шарттарында ВИЧ тестинен өтүү сизге ыңгайсыз болсо анда ВИЧ тестирлөө борборлорун бул сайттан таба аласыз.

Recently viewed articles

Related articles