Nothing found
Thank you! Your submission has been received!
Oops! Something went wrong while submitting the form.

Трансгендер адамдар үчүн бойго бүтүүнү алдын алууга багытталган кандай чаралар каралган?

Кош бойлуулукту алдын алуу максатында бойго бүтүрбөчүү контрацептив-таблеткаларды, презервативдер жана башка узак мөөнөттө коргой турган каражаттарды колдонуу сыяктуу ар кандай ыкмаларды колдонсо болот. Кээ бир кош бойлуулук тууралуу ойлонгон транс адамдар үчүн бул маселе дене түзүлүшүнөн улам ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн, бирок эгерде кош бойлуулукту нормалдуу алып кете турганга мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда алардын бала төрөө жолдорунан кабардар болуусу маанилүү.

Кош бойлуулукту текшерүү тести, өнөктөш менен кош бойлуулук жөнүндө сүйлөшүү, бойго бүтүрүүнү көзөмөлдөө көптөгөн себептерден улам кыйын болушу мүмкүн. Бирок буларды жасоо сиздин сексуалдык ден-соолугуңузду коопсуздукта кармап турууга жардам берет.

Эгерде сиз жыныстык гормондорду ичип жаткан болсоңуз, бойго бүтүүнү көзөмөлгө алууда тестостерон же эстроген таянуу натыйжалуу эмес экендигин билишиңиз керек. Бойго бүтүрүүнү көзөмөлдөөчү чаралар сиздин жыныстык гормон терапияңызга тоскоол болот деп тынчсыздансаңыз, анда гормонсуз ыкмалардын тизмегин Planned Parenthood's булагынан карап чыксаңыз болот. Эгерде кандайдыр бир күмөндөрүнүз бар болсо сизге жардам бере ала турган саламаттык сактоо камсыздоо кызматкери менен бул тууралуу кеңешсеңиз болот.

Коопсуз жыныстык катнаш үчүн дагы башка кеңештерди алуу үчүн Safer Sex for Trans Bodies булагын окусаңыз болот. (Англис тилиндеги маалыматка шилтеме жана испан тили)

Recently viewed articles

Related articles