Nothing found
Thank you! Your submission has been received!
Oops! Something went wrong while submitting the form.

Оорулуу экендиги билинбегендик деген эмне?

Оорулуу экендиги билинбеген адам – бул адам ВИЧ-оорулуу болуп туруп үзгултүксүз түрдө ичип туруу менен денедеги вирустун ишмердүүлүгүн басып турган абалы. Чындыгында эле, бул дары-дармектердин тынымсыз ичилип тургандагы натыйжалуулугу, атүгүл вирустун кан анализинде да көрүнбөй калуусуна чейин ишмердүүлүгүнүн чектелип калышын камсыздайт.

Илимий негизде ВИЧ (АИЖС - Адамдын Иммундук Жетишсиздиги Синдрому) илдетине кабылган адамдын ооругандыгы билинбесе, анда анын ден-соолугу чыңыраак болгону менен бирге, ВИЧти башкаларга жугузуу ыктымалдыгы да төмөнүрөөк болгондугу аныкталган. Башкача айтканда, Билинген эмес – бул Жугуштуу эмес (А.э = Ж.э ).

ВИЧ ооорулуу адам доктурдун жазып бергени боюнча дарыларды убагында үзгүлтүксүз ичип туруу менен оорулуу экендигин билдирбестен жашап жүрө алат.

Оорулуу экендиги билинбей жүрүү ВИЧ илдетинен толугу менен кутулгандыкты билдирбейт, бирок ВИЧти алдын алууда эффективдүү чара болушу мумкүн.

Кээ бир ВИЧ оорулуу адамдардын жугуштуулугу аныкталса да, катнашка киргенде презрватив колдонуу аркылуу же өнөктөшүнүн PrEP дарыларын колдонуусунун жардамы менен жуктурууну алдын алса болот.

Кененирээк маалыматты TheBody же www.UequalsU.org шилтемери аркылуу алсаңыз болот. (Англис тилиндеги маалыматка шилтеме)

Recently viewed articles

Related articles