Nothing found
Thank you! Your submission has been received!
Oops! Something went wrong while submitting the form.

Менде презерватив, лубрикант, жыныстык оюнчуктар жок. Анын ордуна эмне колдонсом болот?

Жыныстык оюнчуктарды, лубриканттар, же коргоочу каражаттарды таба албашыңыз мүмкүн, буга көптөгөн себептер бар. Балким бул буюмдарга жетүү кыйын, же бир жыныстык оюнчуктардын болушу сизди үй-бүлөңуз же жашаган жериңиздеги адамдар тарабынан шылдыңга кабылышыңызга себеп болушу мүмкүн, же сиз транс болгондугуңуз үчүн коргонуу каражаттардын дене түзүлүшүңүзгө, колдонгон секс ыкмаларыңызга туура келбей жана түрлөрүн туура келбей калышы ыктымал.

Кайсы жагдайда болсоңуз да, ал каражттардын максаттуу багытына жараша колдонуу оң: жыныстык мүчө шакекчелерин колдонуунун эң жакшы жолу - жыныстык мүчө шакекчелер катары колдонуу, жана эң натыйжалуу коргонуу ыкмалары - презерватив жана коффердам (стоматологиялык дамба) экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Ошол эле учурда, булардын ордуна башка альтернативаларды туура жана коопсуз пайдалануу ыкмалары да бар.

Секс оюнчуктарынын альтернативалары

Үйдө секс оюнчуктарын табуу мүмкүнчүлүктөрү көп бар. Эгер доминация элементтерин камтыган оюндар үчүн каражаттарды же жасалма жыныстык мүчө (дилдо), жыныстык мучө шакекчелерин колдоно турсаңыз, өзүнүн башкы максатынан тышкары пайдаланып дене мүлөчөлөрүңүзгө зыян келдирип алуудан абайлаңыз.

Эгерде дилдонун ордуна үй тиричилик буюмдарын колдоно турган болсоңуз, инфекциянын кирип кетпөөсү үчүн аларга презервативди сөзсуз түрдө кийгизип алууну унутпаңыз. Тарактын учу жана жемиштер эң кеңири колдонулган жана эң ыңгайлуу буюмдардан болуп эсептелинет. Жемиштер толугу менен жылма болбогондуктан, презервативде кичинекей жыртыктарды калтырып кетиши ытымал, бул болсо бактериялык инфекцияга жол ача алат. Аналдык тешикчеге киргизилген дилдолордун бардык түрүндө ичиңизде калып калагандай сөзсүз баш жагы кеңирээк болуусу керек.

Электрик тиш жуугуч же чөнтөк телефону сыяктуу сыяктуу вибратор катары колдонгон буюмдарды пайдалануудан мурун, алардын сууга каршы туруктуу экендигин текшергенден кийин колдонуңуз. Буларды ар дайым презерватив менен жана дененин ичине киргизбестен дене сырткы тараптарын гана стимулдаштыруу үчүн гана колдонуңуз.

Жыныстык мүчө шакекчелеринин ордуна колдонуу үчүн үйдөгү буюмдардан да оңой тапсаңыз болот. Жыныстык мүчө шакекчеси катары презервативдин пластикалык шакекчесин колдонсоңуз болот. Жыныстык мүчө шакекчеси кыска мөөнөттүн ичинде гана тагылышы керек жана эрекция абалында дагы оңой чыгырыла тургандай болуусу зарыл. Эгерде ыңгайсыздык сезип баштасаңыз же көгөрүү пайда боло баштаганын байкасаңыз, шакекчени дароо чечип салыңыз. Эгерде эч чыгара албай жаткан болсоңуз дароо медициналык жардамга кайрылыңыз.

Жаздык, байпак сыяктуу буюмдар мастурбация кол кабы катары, ал эми кийим кыпчыткычтары эмчек учтарын кыпчытуу үчүн, ал эми кур, шпатель, же жыгач кашыктарды ар кандай секс оюндарында колдонсо болот. Бул секс-оюнчук ыкмалары жарата турчу ар кандай мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө кабардар болуп, аларды азайтуу үчүн эч кандай чара көрүүгө аракет кылыңыз.

Секс оюнчук ыкмалары боюнча эң башкы эскертмелер: ичиңизге курч же электр буюмдарды киргизбениз; бардык буюмдарды презерватив менен каптаңыз жана ичиңизде оңой сынып кете турчу буюмдарды колдонбоңуз.

Лубрикант альтернативалары

Лубрикант – бул ырыхаттанууну жогорулаткан жана ЖЖБИ ооруларын жугузуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө жардам берген каражат. Эгерде атайын сатылган лубрикант алууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, ага альтернатива катары башка көптөгөн материалдар бар. Шилекей жана башка үй каражат буюмдарын лубриканттын ордуна колдонулса болот - Refinery29 шилтемеси аркылуу майлоонун ар кандай альтернативаларынын тизмеги менен таанышсаңыз болот.

Эгерде бойго бүтүүгө каршы же ЖЖБИ ден коргонуу максатында презерватив колдоном десеңиз, анда лубрикант альтернативасы катары ичинде май камтылган нерселерди колдонбоңуз, анткени майлуу заттар презервативдин жыртылуусун шарттагандыгы үчүн, презерватив өзүнүн коргоочу касиетин жоготуп алышы толук ыктымал.

Лубрикант жана анын альтернативалары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Лубрикант Боюнча Сексуалдык Ырахаттануу жана Ден-Соолук Борборунун көрсөтмөсү менен таанышсаңыз болот.

Коргонуу Ыкмаларынын Альтернативалары

Презерватив жана коффердам сыяктуу коргоо каражаттарына альтернативаларды табуу кыйыныраак келет. Колуңузда презерватив жана коффердам жок болгон кезде алардын ордуна колдонууга ылайыктуу буюмдарды өз колуңуз менен жасай турчу ыкмалар саналуу гана.

Пластик баштыктар жана полиэтилен орогучтар сыяктуу нбуюмдар бардык кирүүчү жыныстык катнаш түрүндө коргонуу каражаттары катары пайдаланылышы мүмкүн эмес. Коргонуу каражаттарынын башкы өзгөчөлүгү - ичинде жыныстык суюктуктарды карап туруу болуп эсептелет. Пластик, полиэтиленден буюмдардан жазалган презерватив дин альтернативалары ЖЖБИ ни же кош бойлуулукту алдын алуу үчүн натыйжалуу боло албайт.

Ошентсе да, оралдык секс үчүн каффердам катары же аналдык тешикчесин же аялдын кынына жабуу үчүн түрмөк презерватив катары латекс каптарын, микротолкуну жок пластикалык пленканы колдонсоңуз болот. Полиэтилен пленкасы муунуп калуу коркунучун туудура тургандыгын ар дайым эске алып журүңүз.

Бардык бул альтернативдик жолдор такай түрдө коргонуу катары пайдалануу үчүн арналбагандыгы үчүн, булар ЖЖБИ ооруларын же кош бойлуулукту алдын алууда таасирдүү болбой калышы мүмкүн.

Жыныстык оюнчуктар, лубрикант, же коргонуу каражаттары тууралуу суроолоруңуз болсо, бул шилтеме аркылуу Planned Parenthood саламаттык сактоо билим берүү кызматкерлери менен чатта сүйлөшө аласыз.

 

Recently viewed articles

Related articles